Перейти к основному содержанию
эРКИН ТОО

КУТМАН КУРАК КУТ БОЛСУН!

Жыл тогошор маалында адамзаада алдыдагы күндөрдөн амандык менен жакшылыкты, тынччылык менен барчылыкты үмүт кылат экен. Мына ошол жыл тосуп, жыл узаткан жышааналуу күндөрдө жарык дүйнөгө келген кыргыздын жылдызы жарык, ыйманы ысык кызы – Сары-Өзөндүн керилген Кегетисинен чыгып, адам тарбиялоочу асыл кесипке аттанган Тамара Чыналиевна жөнүндө эки ооз куттук жазгыбыз келди.

Бир караганда кыргыздын кадимки карапайым кызы көрүнгөнү менен унчукпай улуу иштерди бүтүргөн, жупунулукту өнө боюна сиңирип, ички маданияты тышында чагылган, ар маселеге эле аралаша бербеген, дайыма өз дүйнөсү менен алек болуп жүргөн, тамашаны жылмаюу менен кабыл алган Тамара Чыналиевна – Улуттук университеттин философия жана мамлекеттик кызмат факультетин жакшы аяктагандан кийин, аспирантураны окуп, кыргыз дүйнө таанымындагы диний түшүнүктөрдүн орду боюнча кандидаттык диссертациясын жазып, ийгиликтүү коргогон.

Рахат Ачылова, Роза Отунбаева, Аида Балтабаева өңдүү кыргыздын философ кыздарынын ой жорумун омоктуу улантып, Улуттук университетте доценттик кызматты аткаруу менен миңдеген улан-кыздарыбызга уюткулуу элибиздин уңгулуу жолундагы урунттуу ой учуктарын окутуп келди. Алардын ой жүгүртүүсүн өстүрүү менен, дүйнө таанымын кеңейтип, ааламдашуу алкагында инсан катары калыптануу этаптарынын пайдубалын түптөп, кышын кынаганга салымын кошту.

Маңдайы жарык каарманыбыз менен бирге иштешүү шыбагасы бизге да буюрган экен – өткөн жылы Котормо борборунун түзүмү өзгөрүлгөндө эксперттик кызматка келди. Евразия экономикалык бирлигинин документтерин кыргызча оодаруу оңой иш эмес экенин дароо баамдап, «агартуу ишимди эле улантканым дурус окшойт» деп кетенчиктеди. Ошондо «мен баарын билем» деген текеберликтен кыйла алыс экенин байкадык. Бирок Тамара Чыналиевнага тең  жашташ болгон Айнура айым ары өтүп айтып, бери өтүп ынандырып, кетип калса артынан телефон чалып атып акыры көндүрдү. Дүйнө ойчулдарынын эмгектерин иликтеп, дин менен кыргыздын байыркы түшүнүктөрүн изилдеп жүргөн адамга жаңы чөйрөнү өздөштүрүү кыйынга турган жок. Ишке ыкчам аралашты. Аралашмак турсун, алдыга озуп кетти. Юдахин аксакалдын орусча-кыргызча, кыргызча-орусча сөздүктөрүн колдонгон адамды көптөн бери көрө элек элем, Тамара айым ошол кенемтени толтуруп, Константин Кузьмич менен дайыма «кеңешип» турат.

Чыккан жашыңыз, ушул кутман курагыңыз — акылмандыктын, тажрыйбанын жана жетишкен ийгиликтердин бийик чеги. Өмүр жолуңузда топтогон билимиңиз менен тажрыйбаңыз ар дайым жакындарыңызга үлгү болуп, сый-урматка бөлөсүн. Ден соолугуңуз бекем, жакындарыңыз эсен, ийгиликтериңиз эчен болсун! Алдыңызда жакшы адамдар коштогон жаркын келечек менен берекелүү жылдар күтүп турсун. Ар бир күнүңүз кубанычка, ар бир кадамыңыз ийгиликке толо берсин!

                                                                                                        КР Министрлер Кабинетинин Котормо борбору