Перейти к основному содержанию
23062026

Мамлекеттик кызматкерлер күнү: Котормо борборунун эксперти Ардак грамота менен сыйланды

          Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борборунун эксперти, философия илимдеринин кандидаты Тамара Абдылдаева кызматтык милдеттерин ак ниет аткарып, мыйзамдуулукту сактоо жаатында көрсөткөн жогорку жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Ардак грамотасы менен сыйланды.

Тамара Чыналиевнаны бул жогорку сыйлыгы менен чын дилден куттуктайбыз. Ага бекем ден соолук, бакубат жашоо,  узак өмүр жана жоопкерчиликтүү эмгек жолунда мындан ары да ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди  каалайбыз.

Котормо борбору Фейсбукта.