Перейти к основному содержанию
Moscow

Котормо борборунун кызматкерлери Москва шаарында кызматтык иш сапарында болушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борборунун кызматкерлери 2026-жылдын 10 – 12- июнь күндөрү Москва шаарына иш сапар менен барышты.

Сапардын алкагында кызматкерлер Борбордун финансы боюнча адиси Альбина Исакова жана эксперттер Раиса Турукмонова менен Шатгүл Айтбек кызы Евразия экономикалык комиссиясынын Протоколдук жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин директору Бакай Маканбаев менен жолугушту. Ошондой эле аталган департаменттин Визалык колдоо жана тил байланыш бөлүмүнүн башчысы, Казакстан Улуттук табигый илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Казакстан Республикасынын дипломатиялык кызматынын эмгек сиңирген кызматкери Мурсал-Наби Туякбаев жана кеңешчи Ханнанова Ляйсан Ганиевна менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) ченемдик-укуктук актыларын которуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин сапатын мындан ары жогорулатуу маселелери талкууланды. Тараптар глоссарий түзүү багытындагы кызматташууну өнүктүрүү, терминологияны бирдиктүү колдонуу жана тажрыйба алмашууну күчөтүү боюнча пикир алышты.

Мындан тышкары котормо ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана өз ара кызматташууну кеңейтүүгө багытталган биргелешкен иш-чаралардын планы каралып, келечектеги кызматташтыктын негизги багыттары белгиленди.